БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
Ал 20-21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышат.
Жогорку даражалуу конокту "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.