"Салык чек" лотереясы көп салык чогултууга жардам бердиби? Бийликтин жообу

Акция башталгандан бери 4 миллиард 854 миллион сомдон ашык суммадагы акчага соода жасалганы айкын болду.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Жыл башында өлкөдө 21 миң гана кассалык аппарат болгон, азыр 50 миңден ашты. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "Чек талап кылып, байге утуп ал" лотереясынын пайдасы боюнча жооп берип жатып айтты.
"Кассаны көзөмөлдөөчү машинаны орнотуу бир, аны иштетүү өзүнчө маселе. Азыр жарандарыбыз дагы барган жеринен чек талап кылып калышты. Кошумча салыктар да түшүп жатат, бул акция сөзсүз түрдө майнаптуу болду", — деди министр.
Ал эми Салык кызматынын башкы инспектору Жаннат Абдыракманова "Салык чек" аркылуу 10-майдан бери 4 миллиард 854 миллион сомдон ашык суммадагы акчага соода жасалганын билдирди.
"Акциянын арты менен канча салык түшкөнүн салыштырып, так санын айтыш кыйын. Себеби соода жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпагандар салык төлөбөйт эмеспи", — деди Абдыракманова.
Ошол эле учурда Салык кызматынын маалымат катчысы Эркин Сазыков быйыл алты айда 76,6 миллиард сом салык жыйналганын, бул былтыркыга караганда 26,6 миллиард сомго көп экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, "Салык чектин" алгачкы туру 1-июлда уюштурулуп, эки автоунаа, 10 iPhone, 10 смартфон, Ысык-Көлгө эс алууга беш жолдомо жана 25 ар кандай тиричилик техникасы ойнотулду. Жеңүүчүлөр атайын компьютердик программа менен капыстан тандап алуу генератору (рандом системасы) аркылуу аныкталды. Экинчи туру 1-октябрда өтөт, анда да ушундай байгелер коюлган.
Радио
Абдыракманова: "Салык чектин" кийинки турларына кешбэк долбоору кошулат