Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлерин кабыл алды

Мамлекет башчы региондук интеграция маселелерине токтолуп, чет элдик түз инвестицияларды тартуу маанилүү экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 20-июлда, Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлерин кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 20-июлда, Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлерин кабыл алды

2 / 3

Жолугушууга Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Тажикстандын ТИМ башчысы Сирожиддин Мухриддин, Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов жана Түркмөнстандын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Шадурды Мередов катышты

3 / 3

Мамлекет башчы региондук интеграция маселелерине токтолуп, кыргыз тарап өз ара соода көлөмүн көбөйтүү, чет элдик түз инвестицияларды тартуу маанилүү деп эсептей турганын кошумчалады

Жолугушууга Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Тажикстандын ТИМ башчысы Сирожиддин Мухриддин, Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов жана Түркмөнстандын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Шадурды Мередов катышты.
"Анда эки тараптуу кызматташтыкты жана аймактык өз ара байланыштарды кеңейтүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Садыр Жапаров коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан менен өз ара алакаларды тереңдетүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи", — деп жазылат маалыматта.
Мамлекет башчы региондук интеграция маселелерине токтолуп, кыргыз тарап өз ара соода көлөмүн көбөйтүү, чет жактан түз инвестицияларды тартуу маанилүү деп эсептей турганын кошумчалады.
Радио
Акеров: Борбор Азия президенттери негизинен коопсуздук маселесин талкуулашат