Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Дипломаттар "Россия Украинаны ээлеп алууда" деген дооматка жооп кайтарышты

Атайын операциянын жүрүшүндө Россия аскерлери Херсон облусун жана Запорожье облусунун Азов бөлүгүн бошотуп, көзөмөлгө алышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Украинанын бошотулган аймактарын Россиянын "аннексиялап" (башка мамлекеттин аймагын зомбулук менен өзүнө каратып алуу, — ред.) алгандыгы тууралуу билдирүүлөр АКШнын жаңжалга май тамызгысы келгенин ырастайт. Бул тууралуу Россиянын Вашингтондогу элчилигине шилтеме берип РИА Новости жазды.
Буга чейин АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби Москва Украинадагы бошотулган аймактарды “аннексиялоону” чечсе, Россиянын аскерий потенциалын алсыратууга аракет кылаарын айткан эле.
"Россиянын атайын операциясын жырткычтык катары мүнөздөп айтылган дооматтар түп-тамырынан бери жалган. Биз бошотулган аймактарда тынчтыктын сакталышын камсыздап жатабыз. Ал жерде калктын улутуна жана тилине карабастан, тең укуктуу, көнүмүш жашоого кайтышына аракет кылуудабыз", — дешти элчиликтен.
Дипломаттар АКШнын бул аракеттерин чатакты мүмкүн болушунча узак убакытка созуу ниети катары баалап жатышат.
Атайын операциянын жүрүшүндө Россия аскерлери Херсон облусун жана Запорожье облусунун Азов бөлүгүн бошотуп, көзөмөлгө алышкан. Ал жерде администрациялар түзүлүп, россиялык телеканалдар менен радиостанциялар көрсөтүлө баштады. Крым менен соода байланышы калыбына келтирилип жатат. Атайын операция ошондой эле Түндүк Крым каналын бөгөттөн чыгарууга жана 2014-жылы Киев режими тарабынан тосулган Днепр суусун берүүнү калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ чалгын кызматынын башчысы: Россия менен Украина азыр кепке келбейт