Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров атайын операциянын географиясы кандай учурда кеңейерин айтты

Россия ТИМинин жетекчиси Батыш кырдаалды мүмкүн болушунча начарлатууну каалагандыктан, Украинага узак аралыкка атуучу куралдарды берип жатат деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Эгер Украина Батыш өлкөлөрүнөн алыс аралыкка атуучу куралдарды алса, анда Россия аскерлеринин атайын операциясынын географиялык багыттары өзгөрөт. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров RT жана "Россия сегодня" редакциясынын башкы редактору Маргарита Симоньян менен болгон маегинде айтканын РИА Новости жазды.
"Президент айткандай, негизгиси, бизге коопсуздук керек. Украинанын аймагынан аскерий коркунуч болбошу керек, андыктан атайын операциянын милдети ошол бойдон калат", — деди министр.
Ошол эле учурда ал марттын аягында Стамбулда өткөн сүйлөшүүлөр маалында бул маселе бир топ башкача болгонун эске салды. Анда ДЭР жана ЛЭР жөнүндө гана сөз болуп жаткан болсо, учурда Херсон, Запорожье облустары дагы бар. Жана бул тизме күн санап өсүп бара жатат.
"Батыш кырдаалды мүмкүн болушунча начарлатууну каалагандыктан, Украинага узак аралыкка атуучу куралдарды берип жатат. Мисалы, HIMARS системасын айта алабыз. Демек, атайын операциянын географиялык багыттары дагы өзгөрөт. Биз Украинанын Владимир Зеленский же анын ордуна келчү адам көзөмөлдөй турган бөлүгүнө Россияга коркунуч жараткан куралдар болушун каалабайбыз", — деди Лавров.
Эске салсак, 24-февралдан бери Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция жүргүзүп жатат. Андан бери Донецкинин түштүгүндөгү стратегиялык маанилүү аймактык борбор болгон Волноваха, Азов деңизинин жээгиндеги эң чоң шаар Мариуполь жана ири православдык монастырь жайгашкан Святогорск бошотулду.
Путин Украина кризисин чечүүгө кызыкдар болгон Азия өлкөлөрүнө ыраазычылык билдирди