БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кытайдын South China Morning Post гезити АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин G20 жыйынында Россияны колдогону үчүн Кытайдын дарегине айткан дооматтарына "Кошмо Штаттардын императордук маневрлары өздөрүнө эле залакасын тийгизиши ыктымал" деп жооп берген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Макалада "Блинкен өзүн АКШнын эле эмес, дүйнөнүн мамлекеттик катчысындай сезип алган" деп сыпатташкан.
"Блинкен Пекинден Россиянын президенти Владимир Путинди колдоону токтотууну талап кылып, болбосо Вашингтондун каарына каларын айткан", — деп жазылат макалада.
Басылма Кошмо Штаттардын кастыгы Кытайдын дүйнөлүк аренадагы ийгилиги, туруктуулугу жана анын таасири менен шартталганын белгилеген.
"Вашингтондун империясы да ач көздүккө жана бийликке болгон умтулууга негизделген. Демократия жана ал коргойм деп жаткан адам укуктары жөн эле түстүү көшөгө болуп эсептелет", — деген South China Morning Post басылмасы.
Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаментинен эгер Кытай Россияга санкцияларды айланып өтүүгө жардам бере турган болсо, өздөрү да жабыр тартып калышы мүмкүн деген таризде айтышкан.
Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Нед Прайс америкалыктар азырынча мындай аракеттерди байкабай эле турганын билдирип, бирок санкциялык режимдин сакталышын тыкыр көзөмөлдөп турушарын кошумчалаган.