Кыргызстандык кыз Крымга барып Путин менен баарлашты. Видео

Бишкектик кыз көптөн бери эңсеп жүргөн кыялдары орундалганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кыргызстандык Чынара Тилекматова Крымга барып “Большая перемена” конкурсунун алкагында Владимир Путин менен баарлашты.
Ал "Росскызматташтыктын" "Здравствуй, Россия!" программасы боюнча Крымга барган. Долбоор тууралуу Бишкектеги “Русский дом” аркылуу укканын айтты.
“Большая перемена” мүмкүн болбогон нерселерди жасоого шарт түзөт, себеби мен үч нерсени кыялданып жүрчүмүн. Биринчиси — сиз менен таанышып, баарлашуу, экинчиси — Россиянын мыкты жогорку окуу жайына тапшыруу, үчүнчүсү — “Артек” программасына катышуу. Бүгүн ал кыялдарым орундалды”, — деди бишкектик кыз.
Ошондой эле ал конкурста утуп чыгарына аябай үмүт артып жатканын айтты.
“Бизге ушундай чыгармачыл, ийгиликке умтулган дилгир, таланттуу жаштар керек”, — деп жооп берди Путин.
Чынара Тилекматова Бишкектеги “Русский дом” уюмунда ыктыярчы болуп алектенет.
Интернет жылдызы болгон Бегимай Андрей Малаховдун долбооруна катышты