Кыргызстан Россиядан келген товарларды толук түрдө рубль менен эсептешүүгө өттү

Буга чейин күйүүчү май менен газ доллар менен импорттолуп жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кыргызстан Россиядан сатып алып жаткан товарларды толугу менен рубль менен эсептешүүгө өттү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.
Аткаминер буга чейин Россиядан күйүүчү май менен газ гана доллар түрүндө, башка товарлар улуттук валютада импорттолуп келгенин белгиледи.
"Россия SWIFT системасынан ажыратылып, чектелгенден кийин башка валюталар менен соода операцияларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан эң альтернативалуу валюта — орус рубли болууда. Андан сырткары, бажы биримдиги аркылуу келген пошлина дагы Россия менен рубль, сом түрүндө эсептелип жатат. "Газпром" ишканасы аркылуу газ сатып алууда дагы рубль менен эсептешип жатабыз", — деди Амангелдиев.
Өкмөт күйүүчү май, газ сатып алуу үчүн 2 компанияга 1 млрд. сом насыя берет