БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Эртең, 21-июлда, Тамчы айылындагы аэропорттон Чолпон-Ата шаарына чейинки жол бир саатка толугу менен жабылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Эртең Ысык-Көлдө Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусу болот.
Толук чектөөлөр саат 09:00дөн 10:00гө чейин пландаштырылган.
Министрлик жол боюнда кароосуз калган унаалар эвакуацияланарын эскертти.