Өкмөт күйүүчү май, газ сатып алуу үчүн 2 компанияга 1 млрд. сом насыя берет

Аткаминер буга чейин да 2 миллиард сом кредит берилгенин кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Өкмөт эки мунай компаниясын колдоо үчүн 1 миллиард сом кредит берет. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, акча "Партнер-нефть" жана "Ред Петролеум" компанияларына күйүүчү май сатып алуу үчүн чегерилет.

"Кредиттик каражат бензин, дизелдик товарлар жана суюлтулган газ алууга багытталган. Товар жүгүртүүнү жана ички рынокту колдоо үчүн ушундай кадамга барып жатабыз", — деди министр.

Ошондой эле ал буга чейин аталган эки ишкана 2 миллиард сом кредит алганын кошумчалады.
"Улуу көчмөндөр мурасы" 4 алтын кенин казууга лицензия алды. Тизме