Экономика министри: күйүүчү майды рубль менен алып жатабыз, баа ошондуктан өсүүдө

Аткаминердин айтымында, рублдин курсу жогорулаган сайын күйүүчү май кымбаттап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кыргызстан Россиядан күйүүчү майды рубль менен сатып алууга толук өттү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, доллар менен алуудан баш тартып, россиялык валюта менен эсептешүүгө өткөндөн кийин рублдин курсу көтөрүлгөн. Мындай кырдаал күйүүчү майдын баасынын кымбатташын шарттаган.
"Учурда рублдин курсу бекемделип жатат. Жаңы формада эсептешүүгө өткөндөн кийин бул баага таасир этти", — деди Амангелдиев.
Ал эми дизелдин кымбаттап жатканын Россиянын өзүндө наркы өскөнүнө байланыштырды.
ЖМК: Россияда бензиндин дүң баасы кескин төмөндөдү