Кыргызстанга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келди

Коңшу өлкөнүн башчысын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кыргызстанга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Кыргызстанга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келди

2 / 3

Белгилүү болгондой, Токаев 20-21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтө турчу Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышат.

3 / 3

Президенттердин консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалып жатат.

"Жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда тосуп алды", — деп айтылат маалыматта.

Президенттердин консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалып жатат.
Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлерин кабыл алды