Атамбаевдин 2 уулу депутат болду. Ташиев бийлик адилеттүүлүгү, революциялар тууралуу

Камчыбек Ташиев жергиликтүү ЖМКлардын бирине чакан маек берген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев "революция жасайм дегендердин "күлүн асманга сапырып жиберебиз" деген эскертүүсүн айткан.
Атайын кызматтын жетекчиси Саясат.kg порталына берген маегинде "күздө төңкөрүш, жазда төңкөрүш" деген сөздөр 2002-жылдагы Аксы окуясынан бери көнүмүш болуп калганын айтты.
"Креслого жетпей калгандардын сүйүктүү сөзү. Ооба, өлкөдө үч революция болду: эки жолу жазында жана бир жолу күзүндө. Алар кайдан башталат? Бийлик шайлоолорду адилетсиз өткөргөндө. Ал эми азыр Атамбаевдин эки баласы депутат болуп отурат. Биз команда берсек, алар өтпөй калмак", — деди Ташиев.
Анын пикиринде, бийлик тетирисинче таза шайлоо өткөрүп, коррупция менен күрөшүп, күнөөлүүлөрдү камап, пенсия, жөлөк пулдарды көбөйтүп, бюджетти толтурууда. Ташиев белгилегендей, УКМК алты айда казынага сегиз миллиард сом, ал эми Башкы прокуратура эки миллиард сом кайтарган.
"Салык менен бажыдагы коррупцияны токтотуп, чөнтөккө кетип жаткан акчаларды казынага буруп койдук. Эмгек акыларды, пенсия, жөлөк пулдарды ошонун эсебинен көтөрүп жатабыз. Анан эмнеге революция болуш керек? Мен мурда да эскерткем, азыр да эскертип коёюн. Кимде ким "революция кылам" деп митингге чыга турган болсо, "күлүн асманга сапырып" жиберебиз. Биздин милдет — артынан беш киши ээрчибеген сасык саясатчылардын эмес, мамлекеттин, анын ичиндеги көпчүлүк элдин кызыкчылыгын сактап калуу. Биз элдин нааразы болуп чыгышына мындан ары "повод" бербейбиз", — деди Ташиев.
Сөзүнүн соңунда ал "таза иштеп, тарыхта калышыбыз керек" деген пикирин кошумчалады.
Ташиев курулуш компаниялардын жетекчилери менен жолукту