Иран менен Россиянын орток жолу. Тегеран Москвага эмне бере алат

Бүгүнкү күндө Россия Иран менен 20 же 25 жылга созула турган жалпы алкактуу стратегиялык кызматташуу тууралуу келишимге кол коюу алдында турат.
Sputnik
Владимир Путин Иранга бешинчи ирет келди. Азбы же көппү? Россияга президент болуп шайланган 2000-жылдан бери карай турган болсок, азыраак сыяктуу. Бирок сапарлардын күнүнө, убакыт-саатына көз чаптырсак таптакыр башка көрүнүшкө күбө болобуз. Россиялык журналист Петр Акопов эки өлкөнү бириктирип турган шарт-жагдайга баам салган.
Бул акыркы жети жылдан берки төртүнчү ирет барышы. Ооба, Путиндин Тегеранга биринчи визити 2007-жылга туура келет, бирок 2015-жылдан тарта гана байма-бай каттап калды. РФ лидеринин сапарларынын баары жумушчу мүнөздө, башкача айтканда, Ислам республикасына бир да жолу расмий визит менен барган эмес. Тегеранга Каспий форуму, газ экспортёрлорунун саммити сыяктуу иш-чаралардын алкагында гана барчу. Же азыркыдай "астана форматында" — Россия — Түркия — Иран үч тараптуу саммити сыяктуу жолугушуу өтчү. Бул "ири үчтүк" Сириядагы абалды жөнгө салуу жолдорун издөө үчүн түзүлүп, эбак эле жалаң гана Сирия маселесин талкуулаган бирикмеге айланган. Анткени бул үч мамлекет чындап суверендүү өлкөлөрдүн катарына кирет, өз ара талкуулоочу да маселе бар.
Россияда Түркиянын орду аймактык да, дүйнөлүк деңгээлде да сезилерлик келип, эки тараптуу мамиленин тарапташтары да, каршылаштары да муну жакшы түшүнүп келсе, РФтин Иран менен алакасы анча бааланбай келди. Башкача айтканда, туура эмес баалап келишти. Себеби жөнөкөй эле: биздин батышка ыктаган эксперттик коомчулук бул коңшуга дал ушул батыштын көзү менен карап келген — "эч ким кошпогон мамлекет", "ракета көтөргөн молдолору өзөктүк бомбага умтулууда", "теократия", "репрессиялык режим", "Жакынкы Чыгышка жана жалпы дүйнөгө коркунуч жараткан өлкө", "ислам фанаттары" ж.б. Алдыга кеткен, оокаты жетиштүү Батышка салыштырмалуу караңгы мамлекет делчү.
Албетте, саясий жетекчиликтин көз карашы таптакыр башка эле, бирок эл ислам республикасы тууралуу кандай ой-пикирде эле? Болгону батыш пропагандасынын баяндап бергени же саякат тууралуу телеберүүлөр менен чектелчү. 2014-жылдан кийин Чыгышка нук алышыбыз да россиялыктардын ой-сезимин башка багытка бура алган жок. Иран тууралуу азыркыга чейин көп нерсе белгисиз.
Бүгүнкү күндө Россия Иран менен 20 же 25 жылга созула турган жалпы алкактуу стратегиялык кызматташуу тууралуу келишимге кол коюу алдында турат. Документке быйыл эле кол коюлушу ыктымал: январда жаңы президент Эбрахим Раиси Москвада Владимир Путинге келишимдин долбоорун тапшырды, ал эми өткөн айда Сергей Лавров Тегеранга долбоордун россиялык вариантын жеткирип барган. Россия жана Иран аскердик союздаш болбойт, бирок эки өлкөнүн ортосундагы алака олуттуу өңүт алып бара жатат.
АКШдагылар Байдендин Украина үчүн кармашта жеңилип бара жаткандыгын айтышты
Иран Россия менен кызматташуунун көп тараптуу форматына активдүү катыша баштады — ШКУга кирди (күзүндө кошулуу процедурасы соңуна чыгат), БРИКСке мүчө болуу ниетин билдирди. Башкача айтканда, кеп эки өлкөнүн эки тараптуу да, дүйнөлүк аренада да толук кандуу стратегиялык кызматташуусу тууралуу жүрүүдө. Мындай мамиле үчүн Россиянын да, Ирандын да потенциалы абдан чоң — соодадан тарта Балтиканы Тегерандын Аравия деңизиндеги порттору менен байланыштырган "Түндүк — Түштүк" транспорттук коридоруна чейин кызматташа алат. Башкача айтканда, бул коридор Европаны Каспий деңизи аркылуу Индия менен байланыштырат. Россия Европа менен эки ача жолго түшкөн соң бул долбоор да токтоп калды дебеш керек. Түндүк менен Түштүктүн соода потенциалы өтө чоң, коридор Россияга Жакынкы Чыгыш жана Азия менен соода жүргүзүү үчүн абдан керек болот.
Эң башкысы — Иран менен жакындашуу Россиянын стратегиялык кызыкчылыгына жооп берет. Анткени бул жерде улуу цивилизациялардын мураскери, 86 миллиондуу мамлекет эле эмес, дүйнөдөгү духу күчтүү саналуу өлкө тууралуу кеп болуп жатат. Иран — өз жолу менен бараткан, мамлекет түзүүнүн өзгөчө формаларын издеген, сырткы басымга моюн бербей, улуттук кызыкчылыгын биринчи орунга койгон чыныгы суверендүү өлкө. Бул Россия жасап жаткан нерсе. Ирандын ондогон жылдар бою батыш санкциялары менен эле өнүгүп келе жаткан тажрыйбасын эсепке алган жокпуз, бул өлкөнүн мамлекеттик түзүлүштүн, мамиле куруунун менчик формуласын, улуттук өзгөчөлүгүн чагылдырган эрежелерди таап алганы абдан маанилүү.
Ислам Республикасы — батыштан же чыгыштан көчүрүп алган үлгү эмес, бул Иран таап алган уникалдуу түзүлүш. Татаал, диний жана улуттук каада-салтка, ошол эле учурда ислам укугун пайдалануу менен элдик өкүлчүлүктүн туура формасына таянган түзүлүш. Өз көйгөйү, жаза баскан катасы, алган сабагы бар, катаал тышкы басымга чөгүп кетпей, бутунан туруп кеткен түзүлүш. Акыркы он жылдыктарда бир дагы улуу держава мамлекеттин жаңы тибин куруу багытында Иран сыяктуу чыгармачылыгын көрсөтө алган жок. Акыркысы масштабы боюнча Ирандан да өткөн Советтер Союзу болду.
Эми азыр дагы Россия ири чакырык алдында турат — мамлекет өз эли үчүн жаңы форма ойлоп табышы керек. Батышка каршы туруу үчүн эмес, Россиянын өзү үчүн зарыл. Ирандын тажрыйбасын тикелей колдоно албайт, бирок Тегерандын идеалдуу коомдук түзүлүш издеши, мамлекет дайым акыйкат тарапта болушу керек, элдин кызыкчылыгын коргоп, ишке ашыруусу зарыл, өлкөнү адилеттүү, эл алдында да, Кудай алдында да жоопкерчиликти сезе билген жетекчи башкарышы керек деген ниети орустарга жакын.
Андыктан Путиндин Иран Ислам Республикасынын жогорку башкаруучусу Рахбар Хаменеи менен бешинчи жолугушуусу — таасири күч жана тажрыйбалуу эки мамлекет башчынын сүйлөшүүсү эмес, глобалдуу көйгөйлөр менен чакырыктардан башка нерселерди да талкуулай алчу эки адамдын жолугушуусу. Анткени Россия менен Иран сыяктуу эки өлкө өз жолу менен кадам шилтеп алдыга жылат, демек, алар чогуу болот. Мындан эки өлкө тең күчтөнөт, Батышка эле жооп бербей, жаңы дүйнөнү түзүүгө дарамети жетет, ал эми мындай өлкөнүн эли өз эрежеси, өз тартиби менен жашайт.
Путин: Россия дүйнө жүзүнүн берки жээгинде жалгыз калып калбайт