Финансы министри Россиядан 500 млн. доллар кредит алууну сүйлөшүп жатканын айтты

Буга чейин министрлик насыя тууралуу маалыматты "фейк" деп атаган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Финансы министри Алмаз Бакетаев россиялык банктан 500 миллион доллар кредит алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты.
Белгилей кетсек, бул туурасында мурдараак министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымдаган. Андан соң Финансы министрлиги ал маалыматты "фейк" деп атаган.
"Биз "Газпромбанк" менен меморандум түзгөнбүз. Өзүнүн бир, жаңы продукциясы бар, ошол программаны алып келип бюджеттин чыгымдарын эффективдүү пайдалануу үчүн киргизейин деп жатабыз. Банктын өзүнүн дагы механизми бар экен, эгер талап кылынса, 500 миллион долларга чейин кредит берүү ниетин билдирген. Учурда бул маселе сүйлөшүү стадиясында турат десек туура болот", — деди министр.
Өкмөт күйүүчү май, газ сатып алуу үчүн 2 компанияга 1 млрд. сом насыя берет