Эртең Бишкектеги эки конушта суу болбойт

"Бишкек суу канал" шаардыктардан келтирген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сураган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы Алтын-Ордо менен Полиция шаарчасында эртең, 21-июлда, саат 9:00дөн 21:00гө чейин суу өчүрүлөт. Бул туурасында Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан кабарлады.
"Контррезервуар" суу кампасында оңдоп-түзөө иштери пландалганын айтты. Мэриядан бул тармактагы бардык системаларды жай мезгилиндеги иштерге даярдоо максатындагы аргасыз жасалган чаралар экендигин билдирди.
"Бишкек суу канал" шаардыктардан келтирген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, суу камдап алууга кеңеш берди.
Күндүн ысыгы 42 градуска чейин жетет! Кыргызгидрометтин эскертүүсү