Дааратканага убагында барбаса ич катат. Дарыгердин видеосу

Проктолог ич катканда геморрой өңдүү жоон ичегинин оорулары пайда болорун эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Дааратканага убагында барбаса ич катат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Улуттук госпиталдын проктология бөлүмүнүн башчысы Ызакжан Бектенов айтып берди.
Бектенов адам дааратка баруусун (ичин бошотуп, ажатканага барышын) шартташтырышы керектигин айтты.
"Биз, мисалы, зарыл иш менен алектенип жатабыз. Анан чоң заарага барууга туура келип калды. Жок, коё турайын, жумушту бүтүрөйүн деп өзүбүздү кармап коёбуз. Бир убакта кайра дааратканага баргың келет, иш бүтпөй дагы созуп коёбуз. Ошентип даарат кылуу рефлексибиз акырындан басаңдай баштайт. Анан ич катат", — деди проктолог.
Адис ич катуунун айынан геморрой өңдүү жоон ичегинин оорулары пайда боло турганын эскертти.
Медик: жыныстык жол менен жукчу инфекциялар сөзсүз эле катнаш аркылуу берилбейт