Чоң-Алайда аюу кол салган чек арачы каза болуп калды

Тиешелүү тараптар кырсык болгон жерде иликтөө жүргүзүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Аюу Чоң-Алай районунда чек арачыга кол салып, аскер алган жараатынан улам каза болуп калды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлады.
Трагедия 19-июлда Түштүк-Бокбашы деп аталган жерде болгон. 30 жаштагы сержанттын келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөнү айтылды. Маалымат кызматынан чек арачыга медициналык биринчи жардам көрсөтүлүп, бирок ал жакшы боло албай көз жумганын билдирди.
Бул боюнча тиешелүү бардык түзүмдөргө кабар берилген. Ведомстводон Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчилиги, Аскер прокуратурасынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү териштирүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалашты.
Өзүн атып алган. Кой-Таштагы аскер бөлүктө бир жоокер каза тапты