БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Коронавирустук чектөөлөр алынып, туристтик сезон башталып жана айыл чарба продукцияларынын экспорту көбөйгөндүгүнө байланыштуу соңку убакта чек ара бекеттеринде жүргүнчүлөрдүн жана жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болууда. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматы билдирди.
Ведомство жагдайды ар дайым кайталанып турчу көрүнүш катары сыпаттады.
Кыргыз-казак чегиндеги "Ак жол", "Кең-Булуң" жана "Токмок" өткөрүү пунктуларында дем алыш күндөрү эртең менен, кечинде, жуманын башында адамдардын жана автоунаалардын агымы көбөйгөндүгү байкалууда.
Ал эми кыргыз-өзбек чек арасынын "Достук" пунктунда дем алыш жана Кара-Суу базарындагы дүң соода кылуу күндөрү адамдар көп өтүп жатат.
"Достук" өткөрмө бекетинде курулуш иштери жүрүп жатканына карабай, жарандардын, транспорттун үзгүлтүксүз өтүүсү камсыздалууда. Мисалы, 19-20-июлда эле ушул пунктудан 18 миңден ашуун адам кирип-чыкты. Деген менен бекет суткасына 14 400 адамды тейлөөгө ылайыкташкан", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле "Достук" өткөрмө пунктунда 22 паспорттук көзөмөл кабинасы күнү-түнү иштеп жатат.