БУУ дүйнөнү ачарчылык капташы мүмкүн экенин эскертти

Уюмдун өкүлү келерки жыл бул жагынан азыркыга караганда алда канча оор болушу мүмкүн деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) дүйнө жүзүндө ачарчылык болорун болжолдоп жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Дэвид Бизли азыркы тамак-аш кризисине дүйнөлүк алкакта көңүл бурулбаса, калк жапырт ачарчылыкка, саясий туруксуздукка жана көзөмөлсүз миграцияга дуушар болушу мүмкүн экенин билдирди.
"Биз буга чейин болуп көрбөгөндөй кризиске туш болуп жатабыз. Аны стратегиялык жактан чечпесек, жапырт ачарчылыкка, ондогон өлкөлөрдүн туруксуздугуна жана массалык миграцияга туш болобуз", — деген Бизли.
БУУнун өкүлү келерки жыл бул жагынан азыркыдан алда канча оор болушу мүмкүн экенин эскертти. Ал ошондой эле жакынкы 6-12 айда азык-түлүктүн кымбатташынан улам дүйнөлүк коомчулук кыйынчылыктарга туш болорун кошумчалаган.
Бизлинин айтымында, абал негизинен Россия жана Беларустан дүйнөлүк рынокко жер семирткичтерди жетпей жатканынан, ага салынган чектөөлөрдөн улам курчуп жатат.
БУУ Россиянын азык-түлүгүн дүйнөлүк рынокко кайтарууга чакырууда