Чолпон-Атада Борбор Азия өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын жыйыны өттү. Эмне талкууланды

Министрлер 21-июлда Чолпон-Атада боло турчу саммиттин күн тартибин жана жыйынтыктоочу документтердин долбоорлорун бекитти.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны болуп өттү.

2 / 3

Жолугушууга Казакстан, Тажикстандын тышкы иштер министрлери Мухтар Тлеуберди, Сирожиддин Мухридди, Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов жана Түркмөнстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Шадурды Мередов катышты.

3 / 3

Тараптар Борбор Азия мамлекеттери БУУ, ЕККУ, КМШ, ШКУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында жемиштүү кызматташып жатканын белгилешкен.

"Министрлер 21-июлда Чолпон-Атада боло турчу Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна даярдыктын жүрүшүн талкуулашып, саммиттин күн тартибин жана жыйынтыктоочу документтердин долбоорлорун бекитишти. Президенттердин жолугушуусунун форматы аймактык кызматташтыктын бардык маселелери боюнча пикир алмашуу үчүн маанилүү беш тараптуу аянтча катары өтөт. Министрлер өз ара иштешүүнүн беш тараптуу форматын, анын ичинде "Борбордук Азия+" форматын мындан ары өнүктүрүү керектигин белгилешти", — деп айтылат маалыматта.
Тараптар Борбор Азия мамлекеттери БУУ, ЕККУ, КМШ, ШКУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында жемиштүү кызматташып жатканын белгилешкен.
Эртең Чолпон-Атага Борбор Азия мамлекеттеринин ТИМ башчылары келет