Бишкек: автоунаа өкмөттүк трассадагы аялдаманы сүздү. Видео

Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Бишкекте жеңил автоунаа Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги аялдаманы сүздү.
Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулунун айтымында, жол кырсык 20-июлга караган түнү болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калган.
Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.
Мэрия келтирген чыгымды жол кырсыктын себепкери төлөп берерин айтты.
Кыргызстанда жол эрежесин одоно бузган айдоочулардын жоопкерчилиги күчөтүлөт