Ысык-Көлдө кайгуул автоунааларын коюп кеткен ЖАК кызматкери иштен бошотулду

Жол кырсыгы 17-июлда болгон. Анын кесепетинен үч инспектор жабыркаган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда эки патрулдук машинаны коюп кеткен № 26 колониянын жетекчисинин орун басары Тукешов М. С. кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) билдирди.
ЖАК кызматтык иликтөө жүргүзгөн.
Жол кырсык 17-июлда катталган. Жетекчинин орун басары автоунааны мас болуп айдап бара жаткан деген ЖКККББнын маалыматын ЖАК дагы тастыктады. Ал KIA Rio үлгүсүндөгү автокөлүгү менен Кара-Ой айылындагы ИИББдин имаратынын жанында токтоп турган кызматтык автоунааларды коюп кеткен. Окуянын кесепетинен үч инспектор жабыркаган.
Подполковник Тукешов менен кошо ошол эле колонияда иштеген нөөмөт бөлүмүнүн жетекчиси, майор Ибраев Э. И. дагы болгону айтылды. Кызматтык тергөө учурунда ал дагы иштен бошотулган. № 26 мекеменин жетекчиси, майор Рымбеков Р. М. сөгүш алган.
ЖАК ведомствонун кызматкерлери Ысык-Көлгө иштен кийинки убакта барышканын, бирок бир катар укуктук жана кызматтык ведомстволук актыларын бузушканы айтылды.
Казакстандык машыктыруучунун өлүмү: айдоочу эки айга абакка киргизилди