Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кыз изделүүдө

Бөбөктү 30дан ашык кишинин издеп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен 4 жаштагы кыз изделип жатканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 17-июль күнү саат 15:00 чамасында Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда төрт жаштагы кыз көлгө чөгүп кеткен.
"ӨКМдин куткаруучулары кызды ошол эле күнү издеп баштап, бирок таппай коюшкан. Иш бүгүн да улантылып, жеринде Ысык-Көл райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 20, Балыкчы шаардык ӨКБден 5 куткаруучу жана башка адамдар издеп жатат", — деп айтылган маалыматта.
Мындан тышкары, бөбөктү издөө иштерине ИИМдин беш кызматкери жана жергиликтүү тургундар жардам берип жатканы кошумчаланды.
Жети-Өгүздө 14 жана 19 жаштагы эки бала сууга чөгүп көз жумду. Сүрөт