Ысык-Көлдө дагы мушташ чыкты. Милиция окуянын чоо-жайын түшүндүрдү

Милицияга чатак чыкканын эс алуу борборунун жетекчилиги кабарлаган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы "Каприз" эс алуу борборундагы окуя боюнча түшүндүрмө берди.
Эске салсак, социалдык тармактарда жергиликтүү тургундар менен эс алуучулардын ортосунда мушташ болду деп божомолдонуп, жеринде тартылды делген видео тараган.
Ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, милицияга эс алуу борборунда жаштар ортосунда чатак болгондугу тууралуу чакыруу түшкөн.
"Милиция кызматкерлери окуя Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылынын бири-бирине тууган тургундарынын ортосунда болгонун аныкташты. Алардын ортосунда оозеки жаңжал чыгып, кийин мушташка айланып кете жаздаган. Эс алуу жайынын жетекчилиги милиция кызматкерлерин чакырган. Бирок алар келгенге чейин коопсуздук кызматы чыр-чатакты жөнгө салган”, — деп айтылат билдирүүдө.
Окуянын катышуучулары арыз жазуудан баш тартышты.
Бул факты Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын электрондук маалымат журналына катталган.
Ысык-Көлдө кайгуул автоунааларын коюп кеткен ЖАК кызматкери иштен бошотулду