БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Жалал-Абад – Казарман жолундагы автокырсыктын кесепетинен эки айлык наристе каза болуп, бир нече жүргүнчү жаракат алды. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыктады.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 19-июль күнү, саат 12:00 чамасында Жалал-Абад – Казарман жолунда, тактап айтканда, Сузак районунун Комсомол айылынын Мазар-Булак тилкесинде болгон.
Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылынын тургуну өзүнө таандык Toyota Alphard үлгүсүндөгү автоунаасы менен аталган жолдо катуу ылдамдыкта бара жатып, каршы тилкеде келе жаткан оор жүк ташуучу автоунааны сүзгөн.
"Биринчи унаада (Toyota Alphard) жалпы 14 жүргүнчү бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен айдоочунун эки айлык наристеси окуя болгон жерде каза болгон. Калган жүргүнчүлөр ар кандай жаракаттар менен жергиликтүү ооруканага жеткирилген", — деп айтылган маалыматта.
Милициядан жол кырсыктын себептери териштирилип жатканын билдирди.