Нарындык бийкеч "Жер сулуусу" сынагына Кыргызстандын атынан катышат

Айжан учурда Тайванда модель болуп эмгектенет. Ал жогорку окуу жайды кызыл диплом менен аяктаган. Англис жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. "Жер сулуусу — 2022" эл аралык сынагына Кыргызстандын атынан 23 жаштагы Айжан Чаначева катышат. Бул тууралуу Улуттук сулуулук сынагынын дирекциясы билдирди.
"Жер сулуусу" конкурсу 2001-жылы Филиппинде негизделген. Иш-чара БУУнун колдоосу менен өтөт. Быйылкы сынак күз мезгилине белгиленди.
"Сынактын негизги өзгөчөлүгү экология менен айлана-чөйрөнү коргоо болуп саналат. Жеңүүчү бир жыл бою экологиялык маселелерди чечүүгө байланыштуу долбоорлорду алып чыгып, айлана-чөйрөнү коргогон акцияларды өткөрөт", — деп айтылат маалыматта.
Айжан азыр 23 жашта. 2019-жылы "Кыргызстан сулуусу" сынагында жеңген. Университетти кызыл диплом менен аяктаган, түрк жана англис тилдерин мыкты билет.
Айжан Чаначева жөнүндө кенен маалыматты маектен окуп алсаңыз болот.
Кыргызстандык келин Түштүк Кореядагы сулуулук сынагында жеңүүчү болду. Сүрөт