Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Польша, Британия, АКШ Украинага жалданган аскерлерди көп жиберген

ДЭРдин Элдик милициясынын өкүлү чет жактан келгендер бул тирештин кандай жүрүп жаткандыгын көргөндөн кийин "жылт" коюшарын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Донбасста Киев режими үчүн согушуп жаткандардын катарына жалдангандарды көп жиберген мамлекеттердин катарына Польша, Улуу Британия жана АКШ кирген. Бул тууралуу РИА Новости Донецк Элдик Республикасынын Элдик милициясынын 9-полкундагы батальон командирдин орун басары Хохол аттуу аскерге шилтеме берип жазган.
"Биринчи орунда Польшадан келген жалданма жоокерлер турат. Андан кийин Британия менен Америкадан жиберилгендер көп. Евробиримдиктин өлкөлөрүнөн келгендер аз. Алар өзгөчө бул жерде мурда болуп кеткендер баарын түшүнүп турушат. Эмне болуп жатканын көргөндөн кийин "жылт" коюшат", — деп айтып берген батальон командиринин орун басары.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык жалданма жоокер Украинанын армиясын "жиндиканага" салыштырды