"Ош" аэропортуна да жүк ташуу терминалы курулат

"Манас" аэропортунун башкы директору Манасбек Самидинов иш сапары менен Ош жана Жалал-Абад облустарына барган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. "Ош" эл аралык аэропортунда жүк ташуу терминалы курулат. Бул тууралуу "Манас" аба майданынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, "Манас" аэропортунун башкы директору Манасбек Самидинов Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен барып, эки облустагы аэропорттордун ишмердүүлүгү менен таанышкан.
"Самидиновдун түштүк аймактарга болгон сапарынын алкагында "Ош" аэропортунда жүк ташуу терминалын куруу боюнча чечим кабыл алынып, терминал жайгаша турган аянт да изилденип чыкты", — деп айтылат маалыматта.
Башкы директор аэропорт кызматкерлери менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берген.
"Ысык-Көл" аэропортунун аймагында жүк ташуу терминалы ачылат