Радио

Салиев: курулуштан жабыркагандар боюнча жоопкерчилик компанияга жүктөлөт

Отставкадагы судья, адвокат, соода өнөр жай палатасынын эл аралык бейтарап сотунун арбитри Калыгул Салиев мыйзам боюнча курулуш эрежелери аныкталганын белгиледи.
Sputnik
Тийиштүү эрежелерге туура келбей жүргүзүлгөн курулуш мыйзамсыз болушу ыктымал. Бул тууралуу Калыгул Салиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "онлайн адвокат" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, курулуш мыйзамдуу болуш үчүн тийиштүү мамлекеттик же муниципалдык органдардан уруксат алынышы керек.
"Эрежелерге туура келбей жүргүзүлгөн курулуш мыйзамсыз болуп эсептелет. Эрежелер сакталбай коңшулары же өтүп бара жаткандар жабыр тартса жоопкерчилик курулушту жүргүзүп жаткан компанияга жүктөлөт. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү жүргүзүлөт. Анын алкагында кайсы мамлекеттик орган мыйзамсыз уруксат бергени аныкталып, жоопкерчиликке тартылат. Ал эми жабырлануучулардын материалдык чыгымын компания толтуруп берүүсү абзел", — деди Салиев.
Ошондой эле ал курулушта эрежелерди сактап иш алып баруу зарылдыгын кошумчалады.