Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Медведев: АКШнын Украинага берген курал-жарактарын алуу боюнча орган түзүш керек

Медведевдин айтымында, Америка дагы бир жолу эл аралык террорчулуктун демөөрчүсү болуп калууда.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Россиянын Коопсуздук кеңешинин жетекчисинин орун басары Дмитрий Медведев АКШнын Украинага жеткирип жаткан курал-жарактарын алып коюу боюнча эл аралык орган түзүүнү талкуулоону сунуштады. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram-каналына жазган.
"Кийинчерээк жоопкерчиликтүү өлкөлөр менен жакшылык алып келбеген, бул курал-жарак сюжетин иликтөө үчүн атайын механизм түзүү мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгышыбыз керек. Же болбосо АКШнын дүйнөнүн ар тарабында колдонулган курал-жарактарын алуу боюнча атайын эл аралык орган түзүүнү талкууласак", — деген Медведев.
Ал АКШнын курал-жарактарын дүйнө жүзү боюнча ар кандай кылмышкерлер колдонуп жүргөнүн белгилеген. Медведевдин айтымында, Америка дагы бир жолу эл аралык террорчулуктун демөөрчүсү болуп калууда.
Медведев: АКШ оройлук менен өз эркин таңуулаганга көнүп бүткөн