Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кытай АКШнын "Россияга жардам" тууралуу билдирүүсүнө жооп берди

Буга чейин Мамлекеттик департамент Кытай эгерде Россияга санкцияларды айланып өтүүгө жардам берсе, "өзү кымбат төлөп калышы мүмкүн" деп айтып келген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Кытай өзүнө каршы ар кандай негизсиз шектенүүлөргө жана коркутууларга чечкиндүү түрдө жооп кайтарат. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицзянга шилтеме берип РИА Новости жазды.
Буга чейин Мамлекеттик департамент Кытай Россияга санкцияларды айланып өтүүгө жардам берсе, "өзү кымбат төлөп калышы мүмкүн" деп айтып келген.
"Кытай Украина маселеси боюнча ар дайым объективдүүлүктү жана калыстыкты карманып келет. Андыктан биз Кытайга каршы ар кандай негизсиз шектенүүлөргө, коркутууларга жана кысымдарга жол бербейбиз. Ошондой эле биз бир тараптуу санкцияларга каршыбыз. Эл аралык укук бузулбашы керек", — деди дипломат.
Чжао Лицзянь АКШны Украина кризисинин шыкакчысы жана кыймылдаткыч күчү катары көрөрүн айтып, бул багытта кадамдарды токтотууга чакырды.
"АКШ жоопкерчиликти алып, Украина кризисин тийиштүү түрдө жөнгө салууга салым кошушу керек. Ошондой эле тиешелүү тараптардын тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн зарыл шарттарды жана чөйрөнү түзүп бергени туура", — деди Кытай ТИМинин өкүлү.
Россия Украинада аскердик операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган. Ошондон бери Батыш анын пикирин колдобогон мамлекеттерге каршы сүйлөп келе жатат.
Кытай АКШдан Пелосинин Тайванга сапарын токтотуусун талап кылды