БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы үстүбүздөгү жылдын алты айында канча жол кырсыгы катталганы жана анын себептери тууралуу айтып берди.
Маалыматка ылайык, биринчи жарым жылдыкта өлкө аймагында 3 034 жол кырсыгы болгон. Бул өткөн жылга (3 406) салыштырмалуу 10,9 пайызга аз. Анын кесепетинен көз жумгандар 26,4 пайызга, тагыраагы, 337ден 248ге, ал эми жаракат алгандар 9,6 пайызга же 5 122ден 4 629га төмөндөгөн.
Ошондой эле билдирмеде статистика боюнча жол кырсыктарынын 92,4 пайызында же 2803 учурунда айдоочулар күнөөлүү болгону айтылат. Былтыр бул көрсөткүч 2 984 болчу.
Айдоочулар кириптер болгон жол кырсыктарынын көрсөткүчү:
жол тилкесинде туура эмес маневр жасагандар — 30,5 пайыз (калганы да пайыз менен);
ылдамдыкты жогорулаткандар — 24,5;
жөө жүргүнчүнү сүзүп алган айдоочулар — 15,5;
карама-каршы тилкеге чыккандар — 10,4;
мас болуп айдагандар — 6,5;
унаалар ортосунда аралыкты сактабагандар — 5,4;
жол кесилиштеринде бири-бирин өткөрбөгөн айдоочулар — 4,5;
жол белгилерине баш ийбегендер — 3,8;
техникалык жактан талапка жооп бербеген унааны башкаргандар — 2,5;
рулда уктап кеткендер — 1,6.
Ошондой эле ЖКККББ жол кырсыктарынын 1,3 пайызында жөө жүргөн кишилер күнөөлүү болгонун кошумчалады.