Социалдык кепилдиктер берилет. РФ компаниялары кыргыз жарандарын ишке чакырды

Министр Кыргызстан Россия менен системалуу иш алып барууга кызыкдар экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Россиялык компаниялар Кыргызстандын жумушчуларын социалдык кепилдиктер менен камсыз кылууга даяр. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, министр Кудайберген Базарбаев Россиянын "Прайдекс" курулуш компаниясынын өкүлдөрү менен жолуккан.
"Компаниянын Москва жана Санкт-Петербург шаарларындагы өкүлдөрү кыргыз жарандарын Россияда жумушка кабыл алууга даяр экендиктерин билдиришти. Айлыктан сырткары социалдык пакет каралып, укуктук жактан корголору, турак жай менен камсыз болуп, тамак берилерин убада кылышкан", — деп айтылат маалыматта.
Министр Кыргызстан Россия менен системалуу иш алып барууга кызыкдар экенин белгилеген.
"Эмгек миграция жаатында кызматташуунун жаңы деңгээлине чыгуу ниетибиз бар. Азыр жашоо жаңы шарттарды талап кылууда. Россиянын компаниялары аларды эске алып, жарандарыбызды жогоркудай айткандай кепилдиктерди берерин айтышкан. Өз кезегинде биз да Россияда иштөө үчүн жарандарды тандоону уюштурууга даярбыз", — деген Базарбаев.
Россия делегациясынын жетекчиси Руслан Феткрахманов жумушчуларды тандоону сапаттуу жүргүзүү боюнча Кыргызстанда өкүлчүлүк ачууга кызыкдар экенин билдирген.
Радио
Мамбетова: Кыргызстандан жылына 250 миң адам эмгек миграциясына чыгып кетет