Жашыл мурас: быйыл Кыргызстанда 1 180 гектар жерге бак-дарак отургузулду

Министрдин айтымында, 2025-жылга чейин 5000 гектар аянтка бак-дарак тигүү планы коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Жыл башынан бери "Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында токой фондусунун 1 180 гектар жерине бак-дарак отургузулду. Бул тууралуу айыл чарба министри Жаныбек Аскарбеков маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, 2021-жылы 699 гектар жерге көчөт тигилген. Быйыл токой фондусунун жашыл аянттарын кеңейтүү максатында тапшырмалар берилип, план 104 пайызга аткарылган.
Министр 2025-жылга чейин 5000 гектарга аянтка бак-дарак отургузуларын белгиледи.
Жапаров: мындан ары таза суу кен иштетүү үчүн берилбеши керек