Аткаминер мунун себебин бардык дыйкандарга бирдей шарт түзүү үчүн көрүлгөн иш-аракет катары түшүндүрдү.
"Казакстан берген үрөн белгилүү бир дыйкан чарбаларына эмес, Кыргызстандын бардык дыйкандарына келди. 1000 тоннаны бүрксөң да баарына жетпейт. Ошондуктан дыйкандардын баарына бирдей шарт түзүү, үрөнчүлүк фондун негиздөө максатында ушундай чечим кабыл алынган. Азыр эстей албай жатам, бир килограммын 42,1 сомдон саттык окшойт", — деди министр.
Жаныбеков муну туура чечим деп эсептеп, ошондой милдет коюлганын кошумчалады.
Тема боюнча: