Кантип, кимге? Экология министрлиги 244 миллион сомго суу сатты

Министр дээрлик 30 жылдан бери өндүрүштүк компаниялар сууну бекер пайдаланып келишкенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Өткөн жылдын ноябрь айынан ушул күнгө чейин өндүрүштүк компанияларга 244 миллион сомго суу сатылды. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди.
Анын айтымында, тоо-таштан агып түшкөн мөңгү сууларын көбүнчө алтын кен иштеткен компаниялар сатып алууда.
"Дээрлик 30 жылдан бери өндүрүштүк компаниялар сууну бекер пайдаланып келишкен. Биз былтыр ноябрь айында суу ресурстарына акы алуу чечимин чыгарганбыз. Ошондон бери ишканаларга пайдаланылган сууну өлчөөчү приборлор коюлуп жатат", — деди Кутманова.
Ошондой эле ал жаратылышты коргоо үчүн суу ресурстарын туруктуу башкаруу системасын түзүү боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи.
Жашыл мурас: быйыл Кыргызстанда 1 180 гектар жерге бак-дарак отургузулду