Экология министри Кумтөрдөн 261,7 млрд. сомдук доону талап кыларын айтты

Буга чейин Бишкек шаардык соту жарандык активисттердин доосун жокко чыгарган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова "Кумтөр голд компани" (КГК) ишканасынан экологиялык чыгымдарды талап кыларын айтты.
Белгилей кетсек, буга чейин Октябрь райондук соту Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө калдык топтогону үчүн КГКга айып салган. Кийин Бишкек шаардык соту жарандык активисттердин доосун жокко чыгарган. Кутманова буга чейин кен казууда одоно мыйзам бузуулар болгонун айтып келген. Мындан улам бүгүнкү маалымат жыйында "позицияңыз өзгөргөн жокпу?" деген суроо берилди.
"Экологиялык доо боюнча мыйзам бузуу фактысы бар, аны эч ким жокко чыгарган жок. Соттук процесстер да бүтө элек. Менин позициям өзгөргөн жок. Чет элдикпи же ата мекендик компаниябы жаратылышты коргоо мыйзамын сакташы керек, болбосо айыпка жыгылат. Дал ушундай негизде "Кумтөргө" 261 миллиард сом доо коюлган", — деди Кутманова.
Ошондой эле ал эксперт катары корутунду чыгарып бергенин, ал эми ишти сот кандай чечет башка маселе деген пикирин айтты.
"Бардык талаштуу маселеге акыркы чекитти сот коёт. Биз жаралышты коргоо органы болгондуктан "Кумтөр" жаратылышты коргоо талаптарын сактоо менен иштешин талап кылабыз, буга чейин да талап кылып келгенбиз. Биз ушул позицияны карманабыз. Биздеги ыйгарым укуктардын, мыйзамдардын негизинде министрлик колунан келген иштерди жасайт", — деди министр.
Кантип, кимге? Экология министрлиги 244 миллион сомго суу сатты