БУУ Россиянын азык-түлүгүн дүйнөлүк рынокко кайтарууга чакырууда

БУУнун башкы катчысы бир топ өлкөлөрдө быйыл ачарчылык болуп, кийинки жылы кырдаал мындан да начарлай тургандыгын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Россия менен Украинанын азык-түлүгү базарларга кайтып келсе, дүйнөнүн көп жерлери ачарчылыктан кутулушу мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришке шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Ал бир топ өлкөлөрдө быйыл ачарчылык болуп, кийинки жылы кырдаал мындан да начарлай тургандыгын эскертти.
Гутерриштин айтымында, "эгер мамлекеттер биргелешип аракет кылып, тайманбас жана координацияланган саясий чараларды иштеп чыкса, жакындап келе жаткан кырсыктын алдын алса болот".
"Бул Украина менен Россиянын азык-түлүк жана жер семирткич өндүрүшүн дүйнөлүк рынокко чыгарып, эл аралык сооданы сактап калуу керек дегенди билдирет", — деди ал.
Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар атын атабаган европалык аткаминерлерге шилтеме жасап кабарлагандай, Еврокомиссия азык-түлүк экспортуна тоскоолдук кылуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу үчүн Россияга каршы санкцияларды жеңилдеткени жатат.
Батыш Россияны украин эгининин дүйнөлүк рынокко жеткирилишине каршы деп бир нече жолу айыптап келген. Бирок Москва муну кескин түрдө четке кагууда. Ошол эле маалда Киев бийлиги данды экспорттоого өздөрү да көптөгөн тоскоолдуктарды жаратты. Мисалы, Мариуполь портунда данды өрттөгөндөн тышкары, украин аскерлери Кара деңиздин айрым жерлерине миналарды койгон.
WSJ: Европа эмбаргону күтүп, Россия нефтисин тездик менен сатып алууда