20-июлга карата аба ырайы

20-25-июлда айрым аймактарда абанын температурасы 42 градуска чейин жетет. Мындан улам ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Шаршембиде өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Маалыматка ылайык, түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +32...+37, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +35...+40, Талас жергесинде +30...+35, Ысык-Көлдө +25...+30 жана Нарында +28...+33 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +35...+37, Ошто +38...+40 жана Чолпон-Ата шаарында +25...+27 градуска жетет.
Катуу ысыкта жумуш күнүн кантип кыскартса болот? Адистин кеңеши