Радио

Мамбетова: Кыргызстандан жылына 250 миң адам эмгек миграциясына чыгып кетет

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкармалыгынын башчысы Жыпар Мамбетова өлкөдөгү айлыктын аздыгына байланыштуу миграцияга кеткендер көбөйгөнүн айтты.
Sputnik
Кыргызстандан жылына 250 миң адам эмгек миграциясына чыгып, түрдүү тармактарда иштеп келишет. Бул тууралуу Жыпар Мамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, урбанизация процессин эске алганда жаштардын көбү ири шаарларда жашагысы келет.
"Министрликтин Миграция маселелери боюнча башкармалыгы миграция жаатындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү орган болуп саналат. Жарандарга коопсуз, натыйжалуу миграция агымын түзүп берүү негизги багыттардын бири. Ал — үзгүлтүксүз болуп туруучу процесс. Учурда дүйнөдө 300 миллионго жакын адам өз мекенинен сырткары чет өлкөлөрдө иштеп жүрөт. Ал эми Россияда 1 миллион 63 миң кыргызстандык болсо, анын 884 миңи эмгек миграциясында. Өлкөдө иштегенге жумуш жок деп айтуу туура эмес. Кеткендердин көбү айлык акынын аздыгына байланыштуу сыртка жөнөп жатышат", — деди Мамбетова.
Ошондой эле адис коопсуз миграцияга мыйзамдардын чегинде мамлекеттер аралык келишимдердин негизинде жетишүүгө болорун кошумчалады.