ЖМК: Женнифер Лопес актёр Бен Аффлекке турмушка чыкты

Атактуулар ишемби күнү Невада штатындагы Кларк округунда баш кошкон.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Актёр Бен Аффлек менен ырчы, актриса Женнифер Лопес үйлөнүү тоюн өткөрдү. Бул тууралуу шоу-бизнес тууралуу жазган TMZ порталы кабарлады.
Басылманын маалыматына ылайык, атактуулар ишемби күнү Невада штатындагы Кларк округунда баш кошкон.
Аффлек менен Лопес 2001-жылы табышып, 2004-жылы эки ача жолго түшкөн. Узак убакыттан кийин түгөйлөрдүн сезимдери ойгонуп, кайра табышкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Голливуд Россия рыногуна кайтууну каалап жатат