"Жаш канат" бий ансамбли "Славян базары" сынагында 2-орунду алды

Бий сынагында Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандан келген 17 жамаат ат салышты.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Ж. Шералиев атындагы № 6 балдар искусство мектебинин "Жаш канат" элдик хореографиялык ансамбли Dream Dance Fest эл аралык бий долбоорунда экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу маалымат иш-чаранын сайтына жарыяланды.
1 / 3

Ж. Шералиев атындагы № 6 балдар искусство мектебинин "Жаш канат" элдик хореографиялык ансамбли Dream Dance Fest эл аралык бий долбоорунда экинчи орунду ээледи

2 / 3

Сынак Витебскиде (Беларусь) XXXI "Славян базары" искусство фестивалынын алкагында өттү

3 / 3

Мыкты бийчи наамы үчүн Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандан келген 17 жамаат ат салышып, 19 номер көрсөтүшкөн

Сынак Витебскиде (Беларусь) XXXI "Славян базары" искусство фестивалынын алкагында өттү.
Мыкты бийчи наамы үчүн Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандан келген 17 жамаат ат салышып, 19 номер көрсөтүшкөн.
Биринчи орунду Армениядан келген "Нанэ" бий студиясы алса, үчүнчү сапка казакстандык "Шалкыма" ансамбли илинди. Ал эми баш байге россиялык "Сибирские выкрутасы" элдик бий ансамблине буйруду.
"Жаш канат" ансамблин Канат жана Алия Фаткулиндер жетектейт.
"Славян базары" фестивалы Витебскиде 1992-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Фестиваль Россия, Беларусь жана Украинанын жалпы маданий иш-чарасы катары түптөлүп, кийин таланттардын сынагына айланган.
"Жаш канат" бий ансамбли Москвадагы сынакта баш байгеге ээ болду. Сүрөттөр