Путин: Россия дүйнө жүзүнүн берки жээгинде жалгыз калып калбайт

Путин бүгүн стратегиялык өнүктүрүү жана улуттук долбоорлор боюнча кеңеште сүйлөдү.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Россия дүйнөнүн берки жээгинде калып өзү жалгыз өнүгө албайт, бирок санкцияларга карабай андай обочолонууга жол бербейт. Бул тууралуу РФтин президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз дүйнө жүзүнүн берки жээгинде калып өнүгө албашыбыз белгилүү, бирок андай болбойт. Заманбап дүйнөдө мындай болушу мүмкүн эмес. Бирөөнү каалагандай калчап, чоң чеп куруп тосуп салуу такыр эле мүмкүн эмес", — деди Путин.
Россия лидери бүгүн стратегиялык өнүктүрүү жана улуттук долбоорлор боюнча кеңеште сүйлөп, Батыштын РФке каршы киргизген чектөөлөрү тууралуу кеп козгогон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ТИМи: Батыштын санкциялары кайра өзүн глобалдык рецессияга кептөөдө