БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Башкы штаб Куралдуу күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын 30 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаранын сүрөттөрүн жарыялады.
Белгилей кетсек, майрамдык иш-чара кечээ, 17-июлда, борбордук "Ала-Тоо" аянтында өттү.
"Анда Улуттук гвардиянын Ардак кароол ротасынын жана аскердик оркестрдин өздүк курамы шаардыктарга жана конокторго саптык ыкмаларды жана дефилелерди көрсөттү. Ал эми "Пантера" атайын багыттагы аскер бөлүктүн десанттары Кыргызстан, Коргоо министрлиги, Улуттук гвардия жана Бишкек шаарынын туулары менен аянтка парашют менен түштү", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда жыл сайын 20-июлда Куралдуу күчтөрүнө караган Улуттук гвардиянын күнү белгиленет. Анын биринчи жоокерлери 1992-жылдын 20-июлунда ант берип, кызматтык милдетин аткарууга киришкен. Улуттук гвардия эгемендүү мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында 1991-жылы декабрь айында түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ал өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн өзгөчө бөлүгү.