Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Ушаков: Россия менен Украинанын сүйлөшүүсү жанданса, шарттар башкача болот

Президенттин жардамчысынын айтымында, сүйлөшүүлөр Стамбул келишимдери боюнча макулдашуудан кийин үзгүлтүккө учураган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Украинанын сүйлөшүү делегациясы Стамбул келишимдери түзүлгөндөн бери Россия менен байланыша элек. Эгер Россия менен Украина ортосундагы кепке келүү кайра жанданса, анда шарттарыбыз таптакыр башкача болот. Бул тууралуу Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков брифинг учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.
"Сүйлөшүүлөр Стамбул келишимдери боюнча макулдашуудан кийин үзгүлтүккө учураган. Ошондон бери украин тарап биз менен байланыша элек. Эгер сүйлөшүү азыр кайра жандана турган болсо, анда шарттар таптакыр башкача болот. Азырынча Киев жана Батыш мамлекеттеринин бул жаатта кызыкдарлыгы байкала элек", — деди Ушаков.
Эске салсак, Россия менен Украинанын делегациялары буга чейин Беларуста жана Түркияда жолугуп сүйлөшкөн. Келишимдин соңку вариантын Россия тарап Украинага апрель айынын ортосунда жөнөткөн. Ошондон бери Украинадан жооп боло элек.
Шольц германиялык ишкердин "орустар менен сүйлөшүү" чакырыгына жооп берди