Путин: Россияга жогорку технологияларды атайын жеткиликсиз кылып жатышат

Президент мындай аракеттер мамлекет үчүн чакырык экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Россиянын өнүгүшүнө тоскоол болуу үчүн жогорку технологияларды атайылап жеткиликтүү кылбай жатышат. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин стратегиялык өнүгүү жана улуттук долбоорлор боюнча онлайн кеңешмеде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Баарыңарга маалым болгондой, бүгүнкү күндө биздин өлкөгө каршы чектөөлөр жөн эле колдонулган жок. Глобалдуу мүнөзгө ээ болгон, ар бир мамлекеттин прогрессивдүү өнүгүүсүнүн негизи болуп саналган жогорку технологиялык продукцияларды жеткиликтүү кылбай жатышат. Дал ушул жерден Россиянын өнүгүүсүнө бут тосууга аракет кылышууда", — деген Путин.
Россия лидери бул мамлекет үчүн чоң чакырык экенин белгилеген.
"Бирок биз жөн отуруп 10 жыл артка кетип калбайбыз. Тескерисинче, алдыда көп кыйынчылыктар бар экенин билип, жаңы чечимдерди издеп, колдо болгон технологиялык резервдерди, ата мекендик инновациялык компаниялардын чыгаргандарын натыйжалуу пайдаланабыз", — деген ал.
Путин Россия дүйнө жүзүнөн обочолонуп өнүгө албай турганын кошумчалаган.
Песков: Россия кандай болгон күндө да G20 саммитине катышат