Ниязбеков: кескин түрдө айтып кетейин, мындан ары бийлик алмашуу болбойт

Журналисттер тарабынан "ИИМде митингдерди алдын алуу ыкмалары иштелип чыктыбы?" деген суроо берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Мындан ары бийлик алмашуу болбойт. Бул туурасында ички иштер министри Уланбек Ниязбеков маалымат жыйында билдирди.
Ага журналисттер тарабынан "ИИМде митингдерди алдын алуу ыкмалары иштелип чыктыбы?" деген суроо берилген.
"Мындан кийин бийлик алмашуу болбойт! Кескин түрдө айтып кетейин, качанкыга чейин бири-бирибизди сындап, көрө албай жүрө беришибиз керек. Андан көрө ачык эле "мындай көйгөй болууда, анын жолун таптым" деп келиңиздер. Мамлекеттин туруктуулугу үчүн милиция ар дайым кызмат кылып келет. Кылмыштуулукка каршы күрөшөт, ар кандай чагымчыл аракеттерге жеткирбегенге аракет кылабыз", — деди Ниязбеков.
Белгилей кетсек, бүгүн ички иштер министри алты айлык иши боюнча ЖМК өкүлдөрүнө маалымат берди.
Министр Ниязбеков камералардын жардамы менен канча кылмыш аныкталганын айтты