БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Британ саясатчыларынын пикири мекендештеринин тагдырына кайдыгер экенин көрсөтүп жатат. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова ДЭРдеги британиялык жалданма жоокердин өлүмү боюнча ЖМКнын суроосуна жооп берип жатып айткан.
Захарованын жообу Россия ТИМинин сайтына жарыяланган.
"Лондон Донецк Эл Республикасында каза болгон британ жараны Пол Уринин айланасындагы кырдаалды саясатташтырууга жана курчутууга аракет кылууда. ДЭР бийлигинин маалыматы боюнча, ал жөнөкөй жаран эмес, кесипкөй аскер адамы болгон жана Афганистан, Ирак, Ливияда кызмат өтөгөн. Кийин аскердик операцияларды жетектеп, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлерин окуткан. Апрель айында Ури өткөрмө пунктун бузуп өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен ДЭРдин элдик кошуунунун өкүлдөрү тарабынан кармалган", — деген Захарова.
Расмий өкүл бул окуя башталганда эле Тышкы иштер министрлиги англичандарга Уринин тагдыры тууралуу ДЭРдин компетенттүү органдары менен сүйлөшүү керектигин айтып келгенин белгиледи. Бирок Лондон мындай сунушка көңүл бурбай койгон.
Буга чейин ДЭРдин акыйкатчысы Дарья Морозова туткунда жүргөн британиялык жалданма аскер Пол Ури 10-июлда оору менен стресстен улам каза болгонун билдирген.