13 жашар кыздын зордукталышы боюнча РИИБ башчынын эки орун басарына сөгүш берилди

Буга чейин үч милиция кызматкери тестиер кызды жыныстык катнашка мажбурлаган деп кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Бишкекте 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча Свердлов райондук милициянын жетекчисинин эки орун басарына сөгүш берилди. Бул тууралуу ички иштер министри Уланбек Ниязбеков маалымат жыйында билдирди.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти бул кылмышка милиция кызматкерлери шектелип жаткандыктан жетекчилигине кандай чара колдонгонун сурады.
"Шектүүлөрдүн бири аймактык тескөөчү болгон. Учурда кызматкерлер тергөө абагында. Соттун чыккан чечимине жараша дагы чара көрөбүз. Азыр РИИБдин жетекчисинин кадрлар менен иштеген, аймактык тескөөчүлөрдү караган орун басарларына сөгүш берилди", — деди Ниязбеков.
Белгилей кетсек, март айында Свердлов райондук прокуратурасы эки милиционер менен бир киши 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча шектелип жатканын кабарлаган. Тергөөнүн версиясы боюнча, А. Э. аттуу милиционер менен К.Н. аттуу жаран жашы жете элек кызды жыныстык катнашка барууга мажбурлаган. Кийинчерээк дагы бир милиционер колго түшкөн.
Садыр Жапаров зордукталган 13 жаштагы кыз боюнча үн катты